Жигиттер эмнеге көп оорушат?
Жигиттер эмнеге көп оорушат? Бул тууралуу адистердин сунуштарына таянып "Барометр" билдирет.
Ушул суроонун тегерегинде ойлонуп көрүшкөн адистер мындай чечимдерге келишти:
1. Эркек кишилер аялдарга караганда тез ачууланышат экен. Бүгүнкү күндө мырзалардын 88 пайызынын тез ачууланып, тез жазылат.
2. Адамды бара-бара багынтып, акырында алып тынган ичимдикти да мырзалардын катарын азайтуучу коркунучтун бири. Бул дарт менен күрөшкөндөрдүн 89 пайызы эркектер экен.
3. ВИЧ инфекциясын жуктургандар менен СПИД дартына чалдыккандардын 71,9 пайызы эр азаматтар.
4. Ден-соолукка зыяндуу жерде, организмге физикалык күч келтирген оор жумуштарды аткаргандар да эркектер. Мырзалар нервке таасир берген 37 пайызы ушундай жумуштун кесепетинен болот.
5. Бир жылда үйлөнгөндөрдүн 15 пайызы тукумсуздуктун кесепетинен ажырашат экен. Анын 49-50 пайызына эркектердин тукумсуздугу себепчи.
Мырзаларды курчаган ушундай факторлорду алдын алуу үчүн адистер жер-жерлерде аларга кеңеш берүүчү медициналык жайларды ачуу керек деп эсептешет.
Ссылка: https://barometr.kg/zhigitter-emnege-kp-oorushat
Добавить комментарий ×