Жигитинин көңүлдөшүн көрүп калган кыз ага бычак менен кол салды
Бокс боюнча дүйнөнүн абсолюттук чемпиону Флойд Мейвезердин кызы Иянна жигитинин көңүлдөшүнө бычак менен кол салганы үчүн кармалды. Бул тууралуу TMZ порталы билдирди.
Иянна сүйлөшкөн жигити рэпер NBA YoungBoy көңүлдөшү Лапаттра Лаша Жейкобс менен үйүндө отурган жеринен көрүп калган. Иянна ал рэпердин болочоктогу жубайы экенин айтып, анын кетип калышын талап кылган. Бирок алардын кайым айтышы кол көтөргөнгө чейин жетип, Иянна Лапаттраны столдун үстүндө турган бычак менен сайып жиберген.
Анын кесепетинен Лапаттра бир нече жаракат менен ооруканага жаткырылса, боксердун кызы абакка алып барылган.
Ссылка: https://barometr.kg/zhigitinin-kldshn-bajkap-kalgan-kyz-aga-bychak-menen-kol-saldy
Добавить комментарий ×