Жигит мурдагы аялын сотко берип төлөгөн калыңын кайтарып алды

9 сентябрь 2021 09:56 4461 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Казакстандын Темиртау шаардык сотунда таң калыштуу иш каралды. Мурадагы жубайлар бири-биринне калың жана септи кайтарып берүүнү талап кылып сотко кайрылышкан. Бул тууралуу аталган өлкөнүн ЖМКларына таянуу менен “Барометр” кабарлайт. 

Алгач доо арызды аял берген. Ал себине ата-энеси тарабынан берилген буюм-тайымдарды кайтарып алгысы келген. Ага жооп кылып мурдагы күйөөсү андан калыңды кайтарып берүүнү талап кылган арызды сотко тапшырган.

“Мындай иштер дайыма эле сот өндүрүшүнө келе бербейт. Бул жарандык иш экс-жубайлар бири-бирине алган калың менен септин бир бөлүгү кайтарсын деген чечим чыгаруу менен аяктады”,-деп кабарлашты Темиртау шаардык сотунан.

Соттун чечими учурда күчүнө кирди.

Ссылка: https://barometr.kg/zhigit-murdagy-ayalyn-sotko-berip-tlgn-kalyyn-kajtaryp-aldy



Добавить комментарий