“Жетысу” менен “EREM” КРФА Кубогунун финалында беттешет
Кыргызстандын футзал Ассоциациясынын (КРФА) кубогунун финалисттери аныкталды. Бул тууралуу маалыматты өлкөнүн футбол федерациясынан “barometr.kg” сайтына билдирди.
Кечээ мелдештин жарым финалында казакстандык “Жетысу” кыргызстандык “Форватер” командасын 5-1 эсебинде утуп финалга чыккан. Ал эми жарым финалдык экинчи жупта “EREM” клубу “Строймир” командасын жеңди.
Эми бүгүн мелдештин баш байгеси үчүн Казакстандык “Жетысу” менен Оштун “EREM” клубу кездешет. Ал эми “Форватер” - “Строймир” командалары коло байге үчүн күч сынашат.
Эске сала кетсек, “Жетысу” менен “EREM” өткөн жылы да бул мелдештин финалында кезигип, анда 3:2 эсеби менен казакстандык команда уткан болчу.
Ссылка: https://barometr.kg/zhetysu-menen-erem-krfa-kubogunun-finalynda-betteshet
Добавить комментарий ×