Видео. Футзал. Супер-Лига. “Строй-Мирди” “EREM” ири эсепте утту

22 декабрь 2019 13:19 3415 Barometr
Бөлүшүү:
ok


Кечээ Кыргызстандын футзал боюнча “Супер-Лигасынын” 7-турунун биринчи беттештери өттү. Анда турнирдик жадыбалда алдыда бараткан лидерлер кезикти.

Экинчи сапта бараткан Бишкектин “Строй Мир” клубу Оштун “EREM” командасын кабыл алды. Беттеш 10:4 эсебинде оштук команданын ири жеңиши менен аяктады.

Биринчи бөлүк 2:1 Данияр Абдыраимов башында турган “EREM” клубунун артыкчылыгы менен жыйынтыкталган болчу.

Беттеш Бишкектин “Арча Бешик” конушундагы “Газпром” ден соолукту чыңдоо борборунда өттү.

Бүгүн, 22-декабрда 7-турдун алкагында командалардын экинчи оюну өтөт. Беттеш “Газпром” борборунда саат 18:30 башталат.

Ссылка: https://barometr.kg/video-futzal-super-liga-stroj-mirdi-erem-iri-esepte-uttu



Добавить комментарий