Жети-Өгүздө баланы таяктап өлтүргөн үй-бүлө жарды болушкан, 4 бала үчүн 3564 сом жөлөк пул алаары айтылды
Жети-Өгүздө таякталган бир жарым жаштагы баланын энеси 1997-жылы туулган Б.А аттуу жаран экендиги такталды. Ал эми окуя Жети-Өгүз районундагы Светлая-Поляна айылында болгон. Күйөөсү менен ажырашкан кыздын мыйзамдуу түрдө никеге катталбаганы да айтылды. Баланын атасынын дагы аты-жөнү жазылбаганы маалым болду. Бул тууралуу эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Б.А аттуу жаран буга чейин Токмокто жашаган. Орусияга кетеринде баласын тайкесиникине жана анын аялына таштаган. Тайкеси А.Б аттуу жаран 2016-жылдан бери аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн катарында тизмеде болгон. 4 баласы үчүн 3564 сом өлчөмүндөгү жөлөк пул алат.
Эске салсак ,Ысык-Көл облусуна караштуу Жети-Өгүз районунда өзүнүн таежеси бир жарым жаштагы баланы сийип койгондугу үчүн өлтүрө сабагандыгы тууралуу маалымат тараган. 23-декабрда райондук ооруканага токмок жеген бир жарым жаштагы бала келип түшкөн. Кийинчерээк ал бала таежеси менен жашаары, сийип койгондугу үчүн жыгач менен сабап, жаткырып койгондугу аныкталган. Андан соң, бала кыйналып баштаганда ооруканага жеткирүүгө аргасыз болгон. Бирок, тилекке каршы ооруканага жеткенде бала чарчап калган.
Добавить комментарий ×