Жети-Өгүздө 100 кишиге ылайыкталган жаңы мечит ачылды

16 ноябрь 2020 11:18 735 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районуна караштуу Кичи-Жаргылчак айылында жаңы мечиттин ачылышы болду. Бул тууралуу Мусулмандар жана дин башкармалыгынын басма сөз кызматына таянып "Барометр" билдирет.

Ага аталган райондун баш имам хатиби Талантбек Акылбек уулу, айыл тургундары, имамдар, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана аксакалдар катышты. Саамалыктын алкагында бир добуштан  мечитке “Ысмайыл-Ата” деген аталыш ыйгарылып, салтанаттуу түрдө колдонууга берилди.

“Жаңы мечит болжол менен 100 кишиге ылайыкталып салынды. Анын курулуш иштерине “Катар Хайрия” кайрымдуулук фонду каржылык көмөк көрсөтүп, жалпы жонунан эки миллион 2 жүз миң сом бөлүп берген. Ошондой эле жергиликтүү эл тарабынан да 500 миң сомго чукул акча чогултулуп, даараткана, хужуркана салынды жана мечиттин айланасы курчалды”, — деди Талантбек Акылбек уулу.

Ошондой эле баш имам хатиб Жети-Өгүз районундагы Чоң-Жаргылчак айылында медресе курулганын айтып, ал жерге жергиликтүү элдин демилгеси менен ашар ыкмасы аркылуу атайын кампа салынып жатканын дагы кошумчалады.

Ссылка: https://barometr.kg/zheti-gzd-100-kishige-ylajyktalgan-zhay-mechit-achyldy



Добавить комментарий