Айыл чарба министрлиги эмне үчүн талааларды сугарып жатканын маалымдады
Учурда кийинки сугат мезгилинде кыйынчылык пайда кылбаш үчүн бир катар талаалар сугарылып жатат. Бул тууралуу Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министри Аскарбек Джаныбеков брифинге маалында билдиргенин “Барометр” кабарлайт.
Министрдин айтымында, быйыл сугат суусунан тартыштык пайда болду, ошондуктан аны 2022-жылы кайталабаш үчүн ведомство фермелерге күзгү сугат иштерин аткарууну сунуштайт.
“Быйыл 85 миң гектерды күздүк айдоого пландаганбыз, 70 пайыз жумуштар бүттү. 220 миң гектар аянтта сугат иштерин жүргүзүү пландалган. Биз азыр мүмкүн болгон жердин баарына чарбалар аралык каналдар аркылуу суу берип жатабыз. Дыйкандарды көп жылдык өсүмдүктөрү, күздүк данды сугарыш үчүн суу менен камсыздап жатабыз”,-деп айтты министр.
Ссылка: https://barometr.kg/ajyl-charba-ministrligi-emne-chn-talaalardy-sugaryp-zhatkanyn-maalymdady
Добавить комментарий ×