Жети-Өгүз районунда эки унаа кагышып, 21 жаштагы бала каза болду
Каракол-Бөкөнбаев-Балыкчы унаа жолунда жол кырсыгынан 21 жаштагы бала каза болду. Бул тууралуу ӨКМнин маалымат кызматына шилтеме берип "Барометр" билдирет.
Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунда 26-январь күнү саат 23:43тө Каракол-Бөкөнбаев-Балыкчы унаа жолунун 11-чакырымында “BMW 525” жана “Subaru Legasy” үлгүлөрүндөгү унаалардын катышуусунда жол кырсыгы катталган. Кырсыктын кесепетинен 1 эркек бала (2000-жылы туулган) каза болуп, 3 адам жабыркаган. Жабыркаган жарандар тез жардам кызматы аркылуу Каракол шаарындагы облустук ооруканага жеткирилген. Жерине КР ӨКМнин №15 өрткө каршы куткаруу бөлүгүнүн 4 куткаруучусу тартылып, маркумдун жансыз денесин унаадан чыгарышып ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен.
Ссылка: https://barometr.kg/zheti-gz-rajonunda-eki-unaa-kagylyshyp-21-zhashtagy-bala-kaza-boldu
Добавить комментарий ×