Жерүйдүн фондунан 50 гектар жерди жашылдандырууга 400 миң сом бөлүндү

22 октябрь 2022 11:39 Barometr
Бөлүшүү:
ok

“Альянс Алтын” өнүктүрүү фонду Талас облусунун экологиясын коргоого дагы бир салымын кошту.

Жерүй алтын кенин иштетүүчү “Альянс Алтын” ишканасы 50 гектар жерди жашылдандырууга 400 миң сом бөлгөн.

21-октябрда Суусамыр - Талас - Тараз унаа жолунун кире беришиндеги 50 гектар жерге көчөттөр отургузулду.

“Жашыл мурас” улуттук программасынын акциясына президенттин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Бактыбек Нарбеков, “Альянс Алтын” өнүктүрүү фондунун жетекчиси Батырбек Качкымбаев жана башкалар катышты.

Белгилей кетсек, аталган участокту көрктөндүрүү үчүн зарыл болгон көчөттөрдү сатып алууга жана башка чыгымдарга фонд тарабынан 400 миң сом бөлүнгөн.

Жерүйдү иштетүүчү “Альянс Алтын” компаниясы “Альянс Алтын” өнүктүрүү фонду аркылуу аймактын экологиясын коргоо жана колдоо үчүн туруктуу негизде каржылык жардам көрсөтүп келет.

Ссылка: https://barometr.kg/zherjdn-fondunan-50-gektar-zherdi-zhashyldandyruuga-400-mi-som-blnd



Добавить комментарий