Жерүйдү иштеткен компаниянын акционерлеринин атынан Таласка ИВЛ аппараты алып келинди – сүрөт, видео

11 апрель 2020 16:25 1102 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Жерүй кенин иштеткен “Альянс Алтын” компаниясын Талас облустук ооруканасына ИВЛ аппаратын алып келди. Бул тууралуу компаниянын маалымат катчысы Касиет Карачолокова билдирди.

Ага ылайык, “Альянс Алтын” ЖЧКсынын акционерлери тарабынан облус аймагында коронавирустун алдын алуу бөлүнгөн 16 миллион сомго өпкөнү жасалма дем алдыруучу аппарат алып келинди.

Аталган аппарат коронавирус жуккан адамдын өмүрүн куткарууда эбегейсиз мааниге элл. Анын баасы болжол менен 25 миң доллардын тегерегинде болот. Учурда дүйнө жүзү боюнча аталган аппараттын тартыштыгы байкалууда.

“Альянс Алтын” компаниясынын маалымат катчысы Касиет Карачолокованын айтымында, аппаратты таап, алып келүүгө бир нече жума кетти.

“Биздин кызматкерлер аппаратты алып келүү үчүн көптөгөн мамлекеттер менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Аппаратты чыгарган мамлекеттер биринчи кезекте аны өздөрү үчүн чыгарышат. “Альянс Алтындын” логистери Кытай менен сүйлөшүп, ал ийгиликтүү болду. Бул жапжаңы аппарат жана Талас облусуна көптөгөн жылдарга кызмат кылат”, — деди ал.


Белгилей кетсек, буга чейин “Альянс Алтын” компаниясынын акционерлери коронавирус менен күрөшүүгө 16 миллион сом бөлгөн. Аталган каражатка Талас облусуна өтө зарыл болгон медициналык жабдуулар, коргоочу каражаттар, беткап, колкап жана антисептиктер алып келинген.

Андан сырткары кишиден коронавирусту аныктай турчу 6 миң даана эксперсс-тестке заказ берилген.

Талас облусунун тургундарына “Альянс Алтын” ЖЧКсы тарабынан бир мүшөктөн ун жана күрүч таратылган. Азык-түлүк аз камсыз болгондор менен тамак-аш сатып алууга үлгүрбөй калгандарга берилген.

Ошондой эле облуста дезинфекция жүргүзүү үчүн 3,5 тонна хлорка алынган.

Кыргызстан боюнча бир гана Талас облусунда коронавирус катталган жок. Соңку маалымат боюнча илдет 339 кишиге жукту.

Ссылка: https://barometr.kg/zherjd-ishtetken-kompaniyann-akcionerlerinin-atynan-talaska-ivl-apparaty-alyp-kelindi-srt-video



Добавить комментарий