Талас обладминистрациясы "Альянс Алтын" компаниясынан коргоочу каражаттарды алды

17 апрель 2020 21:23 2637 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Бүгүн, 17-апрелде, Жерүй кенин иштеткен “Альянс Алтын” ЖЧКсынын акционерлеринин атынан өкмөттүн Талас облусундагы өкүлчүлүгүнө COVID-19 дартынын алдын алуу үчүн коргоочу каражаттар берилди. Бул тууралуу “Альянс Алтындын” маалымат катчысы Касиет Карачолокова “Барометр” маалымат агенттигине билдирди.

Ага ылайык, негизинен берилген гуманитардык жардамдын ичине медициналык элекрондук термометрлер, дакиден тигилген миң беткап, коргоочу 100 респиратор жана коргоочу жүз костюм бар.

Аталган жардамды компаниянын акционерлери тарабынан бөлүнгөн 16 млн сомдун алкагында берилүүдө.

Бир айдын ичинде “Альянс Алтындын” өкүлдөрү Талас обулсуна азык-түлүк жана медициналык каражаттаржы гуманитардык жардам катары алып келишти.  

Белгилей кетсек, буга чейин “Альянс Алтын” компаниясынын акционерлери коронавирус менен күрөшүүгө 16 миллион сом бөлгөн. Аталган каражатка Талас облусуна өтө зарыл болгон медициналык жабдуулар, коргоочу каражаттар, беткап, колкап жана антисептиктер алып келинген.

Андан сырткары Талас облустук ооруканасына ИВЛ аппараты алып келинген.

Талас облусунун 277 тургунуна “Альянс Алтын” ЖЧКсы тарабынан бир мүшөктөн ун жана күрүч таратылган. Азык-түлүк аз камсыз болгондор менен тамак-аш сатып алууга үлгүрбөй калгандарга берилген.

Баса белгилеп кете турчу нерсе Кыргызстан боюнча бир гана Талас облусунда коронавирус илдетине чалдыккандар катталган жок.

Ссылка: https://barometr.kg/zherj-kenin-ishtetken-kompaniyanyn-akcionerlerinin-atynan-talas-obladministraciyasyna-korgoochu-karazhattar-berildi



Добавить комментарий