Жерүй. Инвесторлорду ким кантип коргойт

26 ноябрь 2020 14:54 8691 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Парламент өлкөнүн келерки жылга республикалык бюджетин карап чыгып, бекитти. Премьер-министрдин милдетин аткаруучу Артем Новиков министрлер кабинетинин толук курамы менен бирге депутаттарга отчет беришти. Анын маалыматы боюнча, республикалык бюджеттин кирешеси 163 миллиард сомду, ал эми чыгымдары 170 миллиард сом болду. Салт болуп калгандай, өлкө келерки жылга 7 миллиард сом таңкыстыгы менен кадам таштайт экен.

Бирок, бюджеттин жетишсиздиги алда канча мындан да чоңураак жана диспропорциялуу түрдө жогору болмок. Эгерде, эл аралык компаниялардын мисалы, “Альянс Алтындын” мамлекетке түшүргөн каражаттары болбогондо. 

Ошону менен катары эле, Новиков Жерүйдө 2021-жылы бир нече ири долбоорлордун башталышына байланыштуу, анын ичинде “Альянс Алтын” компаниясы тарабынан Талас облусунда алтынды калыбына келтирүүчү фабриканын ачылышына байланыштуу жумуш орундарды түзүлүп, салыктык кирешелердин казынага түшөрүнө үмүттөнөрүн ачык айтты.

"Альянс Алтын" ушул жылы алтын казып алууну баштоону пландаштырган. Бирок, октябрь окуяларына байланыштуу пландарды кийинки 2021-жылга жылдырылды. Бул ишкананын толук кандуу ишке кириши менен бир миң жаңы жумуш орундары түзүлөт», - деп белгиледи Новиков.

Министрлер кабинети эл аралык инвесторлорго таянары түшүнүктүү. Мисалы, “Альянс Алтын” беш жылдын ичинде эле мамлекеттик бюджетке 708 миллион сомдон ашык каражат которду, анын 133 миллион сому Социалдык фондго которулган. Ал эми, Талас облусуна чегерүүлөр боюнча айта турган болсок, бул жердеги көрсөткүчтөр абдан таасирдүү. Лицензия алган учурдан тартып, “Альянс Алтын” регионду өнүктүрүүгө 770 миллион сом жумшады, анын ичинен салык жана башка чегерүүлөр 470 миллион сомду түздү, 300 миллион сом "Бакубат Талас” аталышындагы жардам фондуна бөлүнгөн.

Кыргызстан үчүн эң оор жана татаал мезгилдерде “Альянс Алтын” аны туруктуу колдоп келген. Мисалы, коронавирустук пандемия учурунда "Альянс Алтын" эбегейсиз зор колдоо көрсөткөн. Өлкө пандемияга даяр эмес болчу. Атап айтканда, дарыгерлердин коронавирустан коргонуучу костюмдары, кычкылтек концентраторлору жана медициналык шаймандар да жетишсиз болчу. Жада калса, дарыгерлерде коргонуучу маскалар жана кол каптар да  болгон эмес. Мындай кырдаалда “Альянс Алтын” четте карап турбастан, биринчилерден болуп,  6,8 миллион сомго медициналык жабдууларды сатып алган. Алар; жасалма дем алдыруучу аппараттар, импульстук оксиметрлер жана өмүрдү сактап калуу үчүн керектүү кычкылтек концентраторлору. Ошону менен катары эле,  3,9 миллион сомго дары-дармектер жана дезинфекциялык каражаттар жана жеке коргонуу каражаттарын алып беришкен. Ага утурлай эле, "Альянс Алтын" дээрлик 1 миллион сомго азык-түлүк сатып алып, жардамга муктаж үй-бүлөлөргө берген.

Ал эми, эгер октябрь окуялары болбосо, анда, алтынды калыбына келтирүүчү фабриканы ишке киргизүүнүн алдында турган компания, Жерүй кенинен биринчи алтын куймасын өндүрүп алмак. Бирок, тилекке каршы, мародерлор Жерүй кенин өрттөп, талап-тоноп кетишти. Бул жапайы рейддерликтен келтирилген чыгым 15 миллион доллардан ашты.

Бирок, өлкө жетекчилиги тарабынан бүгүнкү күндө тоо-кен ишканаларынын коопсуздугун камсыздашы керек. Президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров өкмөт мындан аркы иш үчүн коопсуз чөйрөнүн кепилдигин берүүгө даяр экендигин билдирген.

«Жерүй кени өз ишин улантат. Кыргызстандагы тоо-кен ишканалары өз ишин токтотпошу керек. Мындан өлкө пайда таппайт, ошондуктан тармактагы көйгөйлөр элдин жана инвесторлордун кызыкчылыгы үчүн чечилиши керек ”, - деди ал октябрь айынын ортосунда өткөн маалымат жыйынында.

Өрттөө жана тоноо фактылары боюнча Жапаров: "Азыр укук коргоо органдары Жерүйдөгү техникаларды өрттөө боюнча тергөө иштерин жүргүзүп жатат", - деди.

Инвесторлорду коргоо жана коопсуз чөйрөнү камсыз кылуу ар бир мамлекетте экономикалык өнүгүүнүн өзгөрүлгүс мыйзамдарынын бири. Бирок, Кыргызстанда чет элдик инвесторлордун Кыргыз Республикасынын экономикасына инвестиция салууга болгон каалоосу дагы бир жолу солгундады. Көрсө, Кыргызстандын экономикалык ишмердүүлүгүнө инвестиция салууну пландаштыргандардын көпчүлүгү, эң жакшысы, ишин токтотуп, буга чейин инвестиция салган жана өлкөдө иштеп жаткандар, Кыргызстандын жетекчилиги каржылык инвестициялардын коопсуздугун жана эмгек шарттарын камсыздай алабы деп ойлонуп жатышат.

Буга байланыштуу Жапаров республиканын бардык жарандарын ишкерлерге жана бизнес структуралардын өкүлдөрүнө каршы мыйзамсыз иш-аракеттерди жасабоого чакырды. 

"Мен ар бир инвесторду коргойм жана колдойм", -  деп айткан Жапаров.

Кайсы гана мамлекеттин болбосун экономикалык иш-аракетинде эң маанилүү маселелердин бири инвесторлорду мамлекеттик деңгээлде коргоо жана алардын өлкөдө коопсуздугун камсыз кылуу экендигин баарыбыз түшүнүп турабыз. Пафос жана убадалар менен кандай гана ураандар айтылбасын, инвесторлор үчүн мамлекеттеги туруктуулук гана эмес, инвестицияларды коргоо дагы маанилүү.

Ссылка: https://barometr.kg/zherj-investorlordu-kim-kantip-korgojt



Добавить комментарий