"Жерүй" алтын кени "лицензия" менен насыяга акча ала алат. Бул дүйнөлүк практика
"Жерүй" алтын кенинин айланасында кайрадан саясий оюндар болууда.
Бул маалыматты алтын иштеп чыгуучу Жерүй "Альянс Алтын" кенинин ВТА-Банкка кепилдикке "лицензиясын" таштап насыяга акча алуусу тууралуу ММКларга тараган маалыматтар тастыктай алат. Аны менен кошо маалыматта кен өзү бул банкка аманатка акча салып тураарына басым жасалат.
КРнын жер казынасын пайдалануу боюнча мыйзамында ишкерлерге кендерди иштетүү үчүн банктарга лицензиясын коюп насыяга акча алууга мүмкүнчүлүк берет.
Ал эми ошол эле учурда Жерүйдүн лицензиясын болсо өндүрүүчү банкка коюуга толук укуктуу, анткени ал ишкананын ээси.
Эске салсак "Альянс Алтын" лицензия алуусу үчүн Кыргызстанга 100 миң доллар төлөгөн.
Бул жерде белгилей кетүүчү негизги маселе КРнын Конституциясына ылайык Жерүй кени Кыргызстандын элине таандык, ал эми компания лицензияга гана ээ боло алат. Тактап айтканда иштеп чыгарууга укуктуу. Ошондуктан, иштеп чыгаруучу кредит алуу үчүн банкка ишкананы эмес иш жүргүзүүгө укуктуу экендигин далилдеген документти гана кепилдикке коё алат.
Ишкана банктын пайыздарын төлөй албай калган күндө дагы банк алтын кенди эмес, лицензияны гана алып коё алат. Анын үстүнө мамлекет лицензияны жокко чыгарууга укуктуу, муну менен кенди жоготуп алуу коркунучу жок десек болот.
Ал эми өндүрүштү өнүктүрүү үчүн алынуучу кредит - бул практика. Бүткүл дүйнөдө жана ошону менен бирге Кыргызстанда да өндүрүштү өнүктүрүү үчүн лицензиясын кепилдикке коюп кредит алышат, себеби өндүрүш ири көлөмдөгү акчаны талап кылат.
Бул жерде эмне туура эмес?
Кыргызстандын мыйзамдары өндүрүүчүлөргө эл аралык "каржы институтунан" лицензиясын кепилдике коюу жолу менен насыяга акча алууга уруксат берет.
Өнөр жайды иштетүү, энергетика жана жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик комитети үстүбүздөгү жылдын сентябрь айында Жерүйдүн өндүрүүчүсүнө лицензия менен насыяга акча алууга уруксат берген. Бирок октябрда Мамлекеттик комиссия өндүрүүчүнү лицензиялаштыруудан баш тарткан жана эмне үчүн баш тартканын айтышкан эмес.
Ал эми ММКларда өндүрүүчү банкка лицензиясын эмес иш кананын өзүн коюп жаткандыгы тууралуу маалыматтар айтылууда.
Дагы бир таңгалыштуу жагдайды маалымат катары айта кетсек АЧФ (ЗИФ) банктан кредит алмакчы болгон. Бул 2016-жылы маалым болгон. Бул иш аракеттер мамлекеттер да, мамлекеттик лицензия берүүчү комиссиядан да жашыруун болгон эмес.
Ишкана кредитти көп убакыт күткөн жана бир катар иш-чараларды: инфраструктуралык курулуштарды, бизнес баштоону (жаңы иш орундарын түзүүнү) баштаган.
Бирок, качан каржы институту уруксат берген учурда мамлекеттик комиссия күтүлбөгөн "белек" алды. Мамлекеттик комиссиянын лицензиялаштыруу боюнча таңгалыштуу чечимин кимдир бирөөнүн оюну катары атоого болот.
Натыйжа эмне?
Эгерде Мамлекеттик комиссия "лицензия менен" насыяга акча алууга уруксат бербесе "Жерүй" кени толугу менен аксап калат. Тактап айтканда жаңы иш орундары түзүлбөй, мамлекеттик бюджетке түшүүчү салык төлөмдөрү өспөй жана региондордогу социалдык объктилер курулушу токтоп калат.
Оюнду ким баштаган?
Жогоруда айтылган аракеттер региондордо чоң социалдык пикирди жаратат. Кимдир бирөөнүн бүлгүн салгысы келип жатканы белгилүү. Аларга Кыргызстандын ири компаниясынын кетиши керек болушу мүмкүн.
Жерүй Кыргызстанда чоңдугу боюнча 2-орунда турган алтын кени. Алдын ала маалыматтар боюнча кендин запасы 11,8 млн тонна кенди жана орточо 6,3 граммдагы 74,7 тонна же 2,9 млн унцийди түзөт.
Кен Талас облусунун, Талас шаарынан 60км алыстыкта 3000-3600м бийиктикте жайгашкан. Кенден 22км алыстыкта Тараз - Талас - Суусамыр унаа жолу өтөт жана 160км алыстыкта темир жол станциясы жайгашкан.
|
|
Ссылка: https://barometr.kg/zherj-altyn-keni-licenziya-menen-nasyyaga-akcha-ala-alat-bul-djnlk-praktika
Добавить комментарий ×