Жергиликтүү көмүрдүн баасы тоннасына 360 сомго кымбаттады

9 октябрь 2021 12:48 744 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Мамлекеттик монополияга каршы жөнгө салуу агенттиги 7-октябрда көмүрдүн баасына карата мониторингди жарыялады. Бул тууралуу “Барометр” кабарлайт.

Быйыл 6-октябрда жергиликтүү көмүрдүн баасы тоннасына 4860 сомдон сатылып жатат. Былтыр ушул эле күнү анын баасы тоннасына 4500 сомдон бааланган.

Импорттолгон көмүрдүн баасы быйыл 6-октябрда бир тоннасына 5313 сомдон бааланды, өткөн жылы чет өлкөдөн ташылып келинген көмүрдүн наркы тоннасына 4600 сомдон болгон эле.

Ссылка: https://barometr.kg/zhergilikt-kmrdn-baasy-tonnasyna-360-somgo-kymbattady



Добавить комментарий