Жерде жаткан тыйын сизди кайда алып барат?

22 май 2019 10:59 13199 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Жерден тыйынды алса болобу? Бул суроого келгенде пикирлер эки тарапка бөлүнөт. Биринчилери ал тыйынга  бардык жамандыктар айтылган, каргыштар айтылган - деп тынчсыздануу менен көтөргөндөн коркушат, билбей тыйынды көтөрүп алгандарды кайрадан ыргытууга мажбурлайт.

Экинчилери болсо- таап алган тыйын үчүн кудайга ыраазылыгын билдиришип, бир тыйынга болсо дагы байыгандыгы үчүн жашоого ыраазы болушат.

Келгиле  бир чечимге келүүгө аракет кылып көрөлү, жерде жаткан тыйынды алабызбы же албайбызбы?

Бир тыйынды алсаң, он тыйынды жоготосуң дешет ырымдарга ишенгендер. Алардын оюунча бул тыйын сыркоолоп калууну, жеке жашоодогу, бизнестеги  тоскоолдуктарды алып келет деп коркушат. Балдарды кичине кезинен баштап эле көчөдө тыйын жатса эч качан алба- деп үйрөтүшөт. Ошондуктан адамдарда бала кезинен эле баштап тыйын балээни, жамандыкты, бактысыздыкты алып келет деген сезим жаралып калат.  Айрымдары ал тыйын жаман кир жерде жатат, коркурунчуу дештсе, кээ бири жөн гана ал тыйынды алып алсам тегеректегилер эмне деп ойлойт дешет.

Балким, мурунку замандарда эскирип бузулган тыйындарды ким алмак эле, жараксыз деп, эки айрылыш жолго ыргытып салышкандыр. Биздин шартта эмне себебин билбесек да, айрылыш жолдогу тыйынды алууга эч кимибиз жол бербегенге аракет жасайбыз.

Эмне үчүн жердеги тыйынды албашым керек, акчаны сыйлаш керек да деп ойлошот кийинкиси.

Айрымдары эгерде чөнтөгүңөн тыйын түшүп калса, айрым учурда колунан түшү кеткен акчаны албаш керек, түшкөң нерсе жоголуш керек дешет. Бул ачкага болгон чоң жаңылыштык.  Акчаны ачык сыйлабастык, өзүнүн топтогон акчасына болгон көпкөндүк сыяктанат. Тескерисинче чөнтөгүңөн же колуңдан түшкөн тыйынды ошол замат алып, “Меники, мени менен үйгө барат”- деп айтып коюу керек.  Чөнтөктөн түшкөн тыйынды көрүп, четтегилер чөнтөгү жыртык да, жамап деле албайбы деп бей капар айтышы айдан ачык. Же акчалары түшүп кетсе жүдөбөй тыкан болбойбу деп сындашат.

Тыйынды алыш керек деген ырым жарымга ишенгендер да жок эмес. Алардын айтымында тыйынды алыш керек, алып жатканда башка тыйындарга тийгизбей акырын шырылдатпай жыйноону эскертишет. Эгерде тыйынды чогултуп жатканда башка тыйынга, же  бири бирине тийип кокусунан шырылдап үн чыгып кетсе, жөн гана “Сиздин үнүңүз мыкты, бекер эле корото бербеңиз. Тынч жатып, тынч уктаңыз”-деп айтуу гана жетиштүү дешет. Бир четинен карасаң, жерде жаткан тыйын сизге эч кыйынчылыгы жок эле өзү келип жатпайбы, колго түшкөн коен сыяктуу, бул сиздин  бир тыйынга болсо дагы кошумча кирешеңиз, кирешени капа кылбаңыз.  Дүйнө бир тыйындан куралган. Акча санакты жакшы көрөт.

“Тыйын тыйынга, акча акчага”. Ушул секунттан баштап байый баштаңыз.

Өзүңүз чечиңиз тыйынды аласызбы, же албайсызбы.

Ссылка: https://barometr.kg/zherde-zhatkan-tyjyn-sizdi-kajda-alyp-barat



Добавить комментарий