Чыңгыз Айтматовдун сүрөтү түшүрүлгөн 20 сомдук тыйындын наркы 700 сомго бааланды
Улуттук банк 29-октябрдан тарта "Тарыхый окуялар" сериясынан "Чыңгыз Айтматов — 90 жыл" коллекциялык тыйын жүгүртүүгө чыгарат. Бул тууралуу аталган банктын маалымат кызматынан кабарлашты.
Ал залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдык юбилейине арналган.
Тыйындын алдыңкы бетине Айтматовдун сүрөтү жана жазуучунун кол тамгасы түшүрүлгөн. Аны тегерете "Чыңгыз Айтматов – 90 жыл" / "Chingiz Aitmatov – 90 years" жазуусу орун алган. Ал эми оң тарабында тыйындын номиналы көрсөтүлгөн.
Тыйындын арткы бетинин жогорку бөлүгүнө Кыргызстандын герби түшүрүлүп, Айтматовдун чыгармасындагы ак кеменин жана бугу эненин элеси тоолордун жана Ысык-Көлдүн сөлөкөтүнүн алкагында чагылдырылган. Ал эми төмөн жагында монетанын чыккан жылы көрсөтүлгөн (2018).
Ар бир монета акрил капсуласына жайгаштырылып, сертификаты менен өзүнчө кутучага таңгакталган.
Жез менен никелдин аралашмасынан жасалып, 5 миң даана чыккан. Салмагы 25 грамм, наркы 700 сом.
Учурда Кыргызстанда жана дүйнөнүн бир топ жерлеринде Айтматовдун 90 жылдыгы кеңири белгиленип жатат.
Ссылка: https://barometr.kg/chygyz-ajtmatovdun-srt-tshrlgn-20-somduk-tyjyndyn-arky-700-somgo-baalandy
Добавить комментарий ×