Алай районунун Нура айылында жер титиреди
Бөлүшүү:
Алайда күчү 3 баллга чейин жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматына таянып "Барометр" билдирет.
"Кечээ, 11-апрелде Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, саат 18:42де Кыргызстан менен Кытай Эл Республикасынын чектешкен аймагында очогунда күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталган. Жер титирөө Ош облусунун Алай районунун Нура айылында 3 баллга чейин сезилген.
Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок", - деп айтылат маалыматта.
Ссылка: https://barometr.kg/zher-titir-alaj-rajonunun-nura-ajylynda-3-ballga-chejin-sezilgen
Добавить комментарий ×