Жеке менчик жер боюнча соттошкондор көп. Анткени өкмөт үлүш жерлерди 1993-жылдан бери инвентаризация кылган эмес
1993-жылдан бери өлкөдөгү жер үлүштөрүнүн ээлеринин толук тизмеси жок. Инвентаризация болгон эмес. Мындай маалыматты бүгүн 30-январда парламенттин жыйынында агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитеттин төрагасы Айтмамат Назаров билдирди.
Депутат Айнуру Алтыбаева мамлекеттик каттоодон өткөн үлүш жер ээлеринин жана сугат жерлердин, дегеле жалпы жердин ээлерин каттаган бирдиктүү база барбы?-деген суроону берди.
"Бүгүнкү күндө эсепке кирбей калган 59 миң гектар суулуу аянт жер чыгып жатат. Буларды өкмөт эсепке алып ар бир 5 жылда инвентаризация кылып туруш керек. Тилекке каршы 1993-жылдан бери катталган эмес. Учурда бул иш боюнча азыр өкмөт иштеп баштады"-деди Айтмамат Назаров.
Бүгүнкү күндө сотто талашып-тартышып, ызы-чуу болгондордун көбү жер тууралуу. Андыктан үлүш жерлерди тактап, тизмектеп, бирдиктүү база түзүлүш керек деп кошумчалады депутат Алтыбаева.
Добавить комментарий ×