"Таазим сага Улуу Жеңиш" театрлаштырылган адабий кечеси онлайн форматта өтөт

8 май 2020 13:40 784 Barometr
Бөлүшүү:
ok

"Таазим сага Улуу Жеңиш" театрлаштырылган адабий кечеси онлайн форматта өтөт. 8-май күнү саат 15:10до Токтоболот Абдымомунов атындагы Кыргыз Улуттук Академиялык драма театрынын артистери тарабынан даярдалган онлайн адабий кече өтөт. Бул тууралуу Маданият маалымат жана туризм министрлигинин Басма сөз кызматы билдирди.   

КечедеУлуу Ата Мекендик Согуштун жеңишинин 75 жылдыгына арналып, согуш жылдарындагы ырлардан  үзүндүүлөр, фронттон келген каттар окулуп жана монологдор айтылат.  

Ага Кыргыз Республикасынын эл артистери Марат Алышпаев, Гүлайым Каниметова, Тынара Абдразаева, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Азиз Мурадиллаев жана театрдын алдыңкы артистери Альбина Имашева, Жеңиш Сманов, Эржан Осмонов ж.б. катышат. 

Адабий кеченин жүрүшү Кыргыз Республикасынын мамлекеттик “ЭлТР” телерадиокомпаниясынын, КТРКнын “Маданият. Тарых. Тил” каналынын эфиринен жана Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин Фейсбуктагы баракчасы аркылуу түз көрсөтүлөт. 

Ссылка: https://barometr.kg/zheishtin-75-zhyldygyna-karata-taazim-saga-uluu-zheish-teatrlashtyrylgan-adabij-kechesi-onlajn-formatta-tt



Добавить комментарий