Жеңиш аянтында президент баштаган аткаминерлер согушта курман болгондорду эскерди - видео
9-майда, Бишкек шаарындагы Жеңиш аянтында Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 75 жылдыгынын урматына митинг-реквием өттү.
Президент Сооронбай Жээнбеков Өчпөс отко гүл коюп, Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондорду бир мүнөттүк аза күтүү менен эскерди.
Иш-чарага Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев, Жогорку Соттун төрайымы Гүлбара Калиева, экс-президент Роза Отунбаева, Башкы штабдын башчысы Райымберди Дүйшөнбиев катышты.
Быйыл коронавирустан улам Жеңишке карата болчу бардык ири иш-чаралар токтотулуп, башка убакытка жылдырылган.
Добавить комментарий ×