Жээнбеков жарандарды добушун сатпоого чакырып, парламенттин келчеги элден көз каранды деди

1 сентябрь 2020 18:12 586 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Президент Сооронбай Жээнбеков шайлоочулардын добушун сатып алуу фактыларына карата тийиштүү чаралар көрүлөрүн айтты. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматына таянып “Барометр” билдирет.

Маалыматка ылайык, өлкө башчы бардык саясий партияларды жана депутаттыкка талапкерлерди үгүт иш-чараларында мыйзамды так сактоого чакырган.

«Саясий күчтөрдүн аракеттери өлкөдөгү коомдук-саясий туруктуулукка залал келтирбөөсү абзел. Өзүнүн жеке амбициясы үчүн коомдук коопсуздукту коркунучка туш кылууга жана Кыргызстандын элин бөлүп-жарууга эч кимге жол берилбей турганын эстен чыгарбоо керек», — деп белгиледи Жээнбеков.

Ал шайлоо мыйзамдарын бузууга, шайлоочулардын добушун сатып алуу фактыларына карата тийиштүү чаралар көрүлөрүн кошумчалады. Ошону менен бирге партиялар үгүт иш-чараларын жарандарыбыздын ден-соолугуна коркунуч жаратпастан өткөрүүгө милдеттүү экенин баса белгиледи.

Мындан сырткары, Сооронбай Жээнбеков шайлоочуларга кайрылып, парламенттин тагдыры, шайлоочунун эркинен, алардын кыраакы тандоосунан көз каранды экендигин белгиледи.

«Сиздердин акыл калчап, кыраакылык менен кабыл алган чечимиңер мамлекетибиздин келечегине түздөн-түз таасир этет. Мен жарандарыбызды добуштарын сатпоого чакырам», — деп баса белгиледи мамлекет башчы.

Ал ошондой эле, Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоону өткөрүү менен байланышкан бардык маселелерди БШК жеке көзөмөлүнө алуусу керектигин белгиледи.

Ссылка: https://barometr.kg/zheenbekov-zharandardy-dobushun-satpoogo-chakyryp-parlamenttin-kelchegi-elden-kz-karandy-dedi



Добавить комментарий