Жээнбеков Россияга жумушчу иш сапары менен учуп кетти

28 сентябрь 2020 09:46 528 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Россия Федерациясынын Сочи шаарында Сооронбай Жээнбеков Владимир Путин менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматына таянып "Барометр" билдирет.

Бүгүн, 28-сентябрда Президент Сооронбай Жээнбеков Россия Федерациясына жумушчу иш сапар менен кетти. Иш сапардын алкагында Сооронбай Жээнбеков Владимир Путин менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт, эки тараптуу кызматташуунун азыркы абалы менен келечеги талкууланат. Мамлекет башчыларынын жолугушуусу Сочи шаарында өтөт.

Кыргызстандын делгациясынын курамында: тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков, президенттин аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Данияр Сыдыков, Кыргызстандын Россия Федерациясындагы атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчиси Аликбек Жекшенкулов.

Россия Федерациясына болгон жумушчу иш сапары жыйынтыкталгандан кийин Сооронбай Жээнбеков расмий визит менен Венгрияга барат.

Ссылка: https://barometr.kg/zheenbekov-rossiya-federaciyasyna-zhumushchu-ish-sapar-menen-ketti



Добавить комментарий