Жээнбеков парадка катышкан жок. Аны Москвага коштоп барган 2 адамдан коронавирус чыкты

24 июнь 2020 14:13 2827 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Москвадагы кыргыз делегациясынын коштоосундагы эки адамдан коронавируск аныкталды. Бул тууралуу “Барометрге” Президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, КРнын президенти Сооронбай Жээнбеков, делегациянын мүчөлөрү жана аны коштогон адамдар Москвага келгенден кийин COVID-19га тест тапшырышкан. Анын жыйынтыгы менен президентти коштогон эки адамдан коронавирус илдети аныкталды.

Кечээ, Улуу Ата Мекендик согуштун 75 жылдыгына арналган иш-чарага катышууга кеткен өлкө президенти,  аны коштогон адамдардан вирус аныкталганына байланыштуу парадка  катышуудан баш тартты.

Ссылка: https://barometr.kg/zheenbekov-paradka-katyshkan-zhok-any-moskvaga-koshtop-bargan-2-adamdan-koronavirus-chykty



Добавить комментарий