Жээнбеков коррупцияга каршы күрөшкө жамынып, өздөрүнүн кызыкчылыктарын көздөбөөгө чакырды
Президент Сооронбай Жээнбеков Коопсуздук кеңешинин кезектеги жыйынында укук коргоо органдарынын жетекчилерин коррупцияга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик саясатка жамынып, өздөрүнүн кызыкчылыктарын көздөбөөгө чакырды. Бул тууралуу мамлекет башчысынын маалымат кызматы билдирди.
Эгерде укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин кимиси Коопсуздук кенешинин бүгүнкү жыйынынын чечимдерин «бөрк ал десе, баш ал» принцибине салып, бизнести муунтууга, жарандардын укуктарын бузууга пайдалана турган болсо, ал катуу жазаланарын өзгөчө баса белгиледи.
«Чындык эртедир-кечтир билинет. Эч ким билбей калат деп ойлобогула. Кайталап айтам: коррупцияга каршы күрөштө биринчи кезекте силер таза болууга милдеттүүсүңөр», — деп жыйынтыктады Жээнбеков.
Добавить комментарий ×