Сооронбай Жээнбеков Касым-Жомарт Токаев менен телефон аркылуу сүйлөштү

4 май 2020 11:56 1959 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 4-апрелде, Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Мамлекет башчылары кыргыз-казак эки тараптуу өз ара кызматташуунун келечектүү маселелерин, көп тараптуу уюмдар менен бирикмелердин алкагында кызматташууну талкуулашып, ошондой эле жакынкы келечекке болгон пландарды белгилешти.

Сооронбай Жээнбеков жана Касым-Жомарт Токаев мындан ары коронавирус инфекциясынын жайылышына жол бербөө боюнча биргелешкен чараларды өткөрүү маселеси тууралуу пикир алмашышты.

Ссылка: https://barometr.kg/zheenbekov-bgn-4-aprelde-kazakstan-respublikasynyn-prezidenti-kasym-zhomart-tokaev-menen-telefon-arkyluu-sjlsht



Добавить комментарий