Видео. Жээнбеков Атамбаевге: Мен кылмышты жабууга убада берген эмесмин
Бүгүн, 11-апрелде парламент жыйынында президент Сооронбай Жээнбеков провокацияга алдырбай турганын жана кээ бир адамдардын ультиматумун кабыл албай турганын айтты.
“Мен эч кимге милдеттүү эмесмин. Мен өлкөнү карызга батырган кылмыштуу топтордун ишин жаап-жашырам деп убада берген эмесмин. Мен болгону Кудайга жана Кыргызстандын элине милдеттүүмүн. Мен президент катары өлкөдө туруксуздуктун болушуна жол бербейм.Өлкөнү бөлүп жарууга кылган кайсы гана аракет болбосун катуу бөгөт коюлат. Ошондой эле ультиматумдарды кабыл албайм”,-деп нааразы болду президент.
Жээнбеков айрым тараптар кылмыш ишмердигин жашырып калуу максатында атайлап эле жалганды таратып жатышканын айтты.
Ушундай жол менен Жээнбеков митинг өткөрөм деген Атамбаевдин билдирүүсүнө жооп кылды.
Ссылка: https://barometr.kg/zheenbekov-atambaevge-men-kylmyshty-zhabuuga-ubada-bergen-emesmin
Добавить комментарий ×