Жаңы жылдык дасторкон даярдоо тууралуу кожейкелерге кеңештер

30 декабрь 2021 11:24 7019 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Адистер жаңы-жылдык майрамда ашыкча тамак жеп алуу жана нормадан жогору алкоголь ичимдиктерин ичүү бул ууландырууга алып келет дешет. Ошондуктан кожойкелер ашыкча акча сарптап дасторконду түрдүү тамакка толтуруп убара тартышпоого чакырат. Ал эми ар түркүн салаттарды жасаар алдында консерваланган азыктарды аз пайдалануу керектигин эскертишет. Бул тууралуу адистердин сунуштарына таянып "Барометр" билдирет 

Мындан сырткары балык тандоодо кылдаттык керек. Анткени акыркы учурда базарларда  ар кандай кошулмалары бар  балыктар сатылууда. Аны жеген адам сөзсүз организимине зыян тийгизип алуу коркунучуна кабылат. Баасы болсо уй этинен айырмаланбайт деле.

Бул тууралуу тамак-аш даярдоо боюнча технолок Гүлмира Кудайбердиева төмөндөгүдөй маалымат берди:

“Майрамдык тасмалды камдоодо  анчалык  чарпылуунун кажети жок. Келген меймандар жана  үй-бүлө мүчөсү жей турган организмге  пайдалуу азыктардан салаттар жасалуусу шарт. Колдон келсе консерваланган, ышталган   азыктарды колдонуудан баш тартуу зарыл. Анткени алардын кээ бири туура эмес сакталып тамакка кошулгандан кийин зыяндуу заттарды бөлүп чыгарып адамдын ден-соолугуна залакасын тийгизет. Ошондуктан кожейкелер азык-түлүктүн кымбатына карабай сапаттуу жана аз өлчөмдөгү тамак-аштарды жасаганга басым кылгандары туура болот.”

Ссылка: https://barometr.kg/zhay-zhyldyk-dastorkondu-dayardoo-tuuraluu-kozhejkelerge-keeshter



Добавить комментарий