Жаңы төрөлгөн ымыркайга Санитайзер деген ат ыйгарышты

20 апрель 2020 17:41 2594 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Индияда жаңы төрөлгөн ымыркайга Санитайзер деген ат беришти. Мындай атты ымыркайдын ата-энеси дүйнөнү каптаган коронавирустан улам беришкен.

The Mirror басылмасынын жазышынча, ымыркайдын ата-энеси Санитайзер деген атты укканда бардыгы коронавирусту дал ушул каражат сактап калганын эсетешет дейт.

Андан сырткары бул ал үй-бүлө кандай кыйынчылыкты башынан өткөргөнүн унуттурбай турганын ымыркайдын атасы билдирди. Дарыгерлер үй-бүлөнүн мындай атты тандашын жылмаюу менен кабыл алышкан.

Буга чейин дал ушул Индияда жаңы төрөлгөн ымыркайга Корона деген ат ыйгарышкан болчу.

Ссылка: https://barometr.kg/zhay-trlgn-ymyrkajga-sanitajzer-degen-berishti



Добавить комментарий