Жаңы курулуш имараттарды комиссия менен текшерип чыгуу сунушталды

31 январь 2019 10:49 1212 Элзат Нурманбетова
Бөлүшүү:
ok

Бишкектеги акыркы убактарда курулуп жаткан курулуштардын сапаттары начар. Аларды атайын комиссия түзүп, текшерип чыгалы деген сунушту депутат Тазабек Икрамов билдирди. 

"Бишкек шаарындагы жаңы имараттардын көбөйүшү жакшы нерсе. Бирок, ошол имараттар 9 баллдык жер титирөөгө туруштук бере алабы. Депутат катары табигый кырсыктардын алдын алуу үчүн мамлекеттик комиссия түзүп, имараттардын сапаттарын текшерип чыгыш керек"-деди депутат.

Бүгүн, 31-январда Жогорку Кеңештин жалпы жыйыны өтүүдө. Азыркы тапта ар кандай маселелер каралып, депутаттар жарандардын кайрылууларынын негизинде билдирүү жасашууда.

Ссылка: https://barometr.kg/zhay-kurulush-imarattardy-komissiya-menen-teksherip-chyguu-sunushtaldy



Добавить комментарий