Жаңы конушта жашагандарга жагымдуу кабар. 11-майга чейин чамдаңыздар!

23 апрель 2019 13:22 5503 Атыргуль Мухамматкулова
Бөлүшүү:
ok

Бишкек шаарынын Ак-Ордо конушунда «Ынтымактуу конуштар лигасы» аттуу мелдештер өтүп жатат. Анда жаңы конуштардын 18 жаштан өткөн жашоочулары футбол, волейбол, аркан тартыш жана дене көнүгүүсү боюнча нормативдерди тапшырышат. Бул Бириккен улуттар уюму, «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду жана Бишкек шаарынын мэриясынын дене тарбия жана спорт башкармалыгы менен бирге уюштурулган. Иш чаранын негизги максаты тынчтыкты, биримдикти бекемдөө, социалдык жана гендердик теңчиликти спорттук мелдештер аркылуу жайылтуу болуп саналат.

“Роза Отунбаева демилгеси” эл аралык коомдук фондтун өкүлү Чынара Абдраимакунова саамалыктын негизги максаты тууралуу Вarometr.kg сайтына буларды билдирди:

“Бул багытта 2018-жылдын июнь айынан бери иш жасалууда. Эң негизги максатыбыз жаңы конуштардагы жашоочулардын арасындагы ынтымакты бекемдөө болуп саналат. Кайсыл жолдор менен бекемдейиздер деген суроо жаралат. Биз спорттун түрлөрү, жаштардын арасындагы лидерлик, ден-соолук комитеттеринин активдүүлүгүн жогорулартуу, аял менен эркектин тең укуктуу экенин түшүндүрүү жодорун тандап алганбыз” – деп маалымат берди.

Белгилей кетсек “Ынтымактуу конуштар” мелдеши 18-майга чейин уланат. Бишкек шаардык мэриясынын социалдык бөлүмүнүн башчысы Майрам Мамбетова бул спартакиада конуштардагы ынтымакты чыңдоого өбөлгө болот деп белгиледи. Алдыда бир гана тандалган пилоттук конуштарда эмес,  калган 49 жаңы конуштарда да өткөрүү пландалып жатканын кошумчалады:

“Жаңы конуштарда жашап жаткан жаштардын, кошуна-колоңдордун арасындагы ынтымак да бекемделет деп ишенебиз. Азыр бул пилоттук режим менен 10 жаңы конушту өзүнө камтыды. Кийинки кадамдарыбыз калган аймактарга да барат деп ишенимдүү айта алабыз”-деп айтты.

Эске салсак, мелдештер майдын ортосуна чейин уланат. Ал эми финалдык бөлүгү 4-11-майда Ак-Ордо жана Эне-Сай конуштарында өтөт. Ал эми 27-апрелде Каражыгач токой паркында жаңы конуштардын жашоочулары дене тарбиялык даярдык көнүгүүлөр боюнча нормативдерди тапшырат.

Ссылка: https://barometr.kg/zhay-konushta-zhashagandarga-zhagymduu-kabar-11-majga-chejin-chamdayzdar



Добавить комментарий