Жаңы үйлөнгөн жубайлар шаарда 30 көчөт отургузуп, 30 балага кийим-кече белек кылышты (маек)
Бүгүн, 22-апрелде Бишкек шаарынын Абдрахманов жана Фрунзе көчөсүнүн кесилишинде Чүй облусунун Күн-Туу айылынын тургуну (жерлиги Жумгал) Назарбек улуу Залкар жана Замирбекова Айжамал баш кошуу алдында 30 ак-кайыңдын көчөтүн отургузуп, аз камсыз болгон Бишкек шаарынын тургундарын изилдеп, таап 30 балага кийим-кечек белек кылышты. Бул тууралуу Barometr.kg сайтына Назарбек уулу Залкар мырза берген маегинде толук маалымат берди.
-Саламатсызбы Залкар мырза, куш бооңуздар бекем болсун. Алгач эле жубайыңыз менен кантип таанышып калдыңыз эле ошол тууралуу маалымат берип кетсеңиз?
-Биз Айжамал экөөбүз бир устаза себепчи болуп таанышып калганбыз. Мен 28 жаштамын, Айжамал 25 жашта. Келинчегим мугалим болуп эмгектенет, а мен болсо жеке ишкермин. Айжамалды кыргыздын салты менен ата-энесинин алдынан өтүп алып кеттим.
-Көчөт отургузуу, балдарга белек берүү тууралуу кеп кылсак, идея кимден чыкты, кимдер жардам берди?
-Бул идеа жеке менин пикирим деп айтсам жаңылган болом. Анткени бул саамалык менин досторумдун арасында 4-жолу өткөрүлүп жатат. Чындыгында тойго кеткен чыгымдарды эсептеп чыксак аябай эле көп сумма болуп кетет экен. Ошончо акчаны жөн эле абага чачкандын ордуна кимдир бирөөгө пайдабыз тийсе, бизге бирөө ыраазы болсо андан өткөн бакыт жок биз үчүн.
-Эми заманбап үлпөн тоюңуздарды өткөрөсүздөбү?
-Ооба, буюрса 28-апрель кунү шаардагы тойканалардын биринде көп адам чакырбай эле, ашыкча ызы-чуулуу той кылбай эле улуулардын батасын алганы турабыз. Той деген менен биз ырчыларды чакырбайбыз, аларга кеткен акчаны башка пайдалуу нерсеге жумшаганга аракет кылабыз. Тойдо бир эки комузчу, төкмө акындардын болушу күтүлүүдө.
Маегиңизге чоң рахмат!
Мындай демилгеге Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары Н. Кадырбеков катышып, өз каалоо тилектерин билдирди. Ага кошумча эмгек жана социалдык коргоо министирлигинен эки жашка ыраазычылык кат берилди.
Жубайлар жаңы отургузулган көчөттөр шаарга көрк берип, жашыл шаарга айланаарын тилек кылышат.
Добавить комментарий ×