Баткенде куралдуу кол салуудан жабыркагандарга каражат чогултуу

19 сентябрь 2022 16:49 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Кыргызстандын Кызыл Жарым Ай коому Баткен облусуна тажиктердин куралдуу кол салуусунан үй-жайын таштай качып, коопсуз жайларда баш калкалап жаткандарга гуманитардык жардам көрсөтүү үчүн каражат чогултууну улантууда.

Glovo тиркемеси аркылуу мекендештерибизге жардам берүү үчүн каалаган сумманы которо аласыз.

Муну кандай жасоонун жолдору төмөндө толук көрсөтүлдү.

• Glovo колдонмосун ачуу керек;

• «Кайрымдуу бол» → «Баткен облусунда жабырлануучуларга каражат чогултуу» бөлүмүн тандаңыз;

• кайрымдуулуктун суммасын тандап, төлөңүз.

Эске салсак, 14-сентябрда Тажикстан буга чейин жетишилген бардык келишимдерди бузуп, оор аскердик техникаларды, бир нече ракеталык системаларды жана учактарды колдонуу менен Кыргызстандын аймагына басып кирген. Тажик аскерлеринин кол салуусунан 59 кыргызстандык баатырларча курман болду. 

Баткен облусунан 140 миңге жакын тургун эвакуацияланды.

Аскердик агрессиянын алгачкы күндөрүнөн тартып Кыргызстандын эли Баткен облусунун жабыр тарткан тургундарына жардам чогулта баштаган.

Ссылка: https://barometr.kg/batken



Добавить комментарий