Жашоо үчүн күрөш: эки жүк унаасынын ортосунда калган сот кызматкери колун сунду. Фото
Бразилияда адам жүрөгүн титиреткен окуя катталды. 35 жаштагы сот кызматкери күмүш түстүү "Фиат-пунто" унаасын айдап келе жатып жол кырсыгына кабылып, эки жүк унаасынын ортосунда калган. Бул тууралуу The Sun булагы кабарлады.
Дави Кардосо “час пик” маалында Белу-Оризонти шаарына алып барчу жолдо келе жаткан. Алдынан кызыл түстүү жүк унаасы байкоосуз чыга калганда ал тез арада тормозду баскан. Анын артында келе жаткан дагы бир ак түстүү жүк унаасы токтоно албай калып Давинин унаасын учурган бойдон сүзүп, кызыл түстүү жүк унаасын кадап калган. Ортодо калган жеңил унаа эч нерсеси калбай үймөк темирге айланган.Окуянын күбөлөрү унаадагы адам тирүү калды деп эч ойлошкон эмес.
Бирок аварияга жардам берип жаткан адамдар айнектин сыныктарын түшүрүп жатканда аларга кол сунган адамдын үнүн угушкан. Ал жанталаша кол булгалап унаадан чыгарууну өтүнгөн.Куткаруучулар келгенге чейин окуянын күбөлөрү эч нерсе кыла алышкан эмес.
Дави рулдун алдындагы кенедей орунга кыпчылып аман калган. Эки жүк унаасынын ортосунда болгону 30 сантиметр жер бош калган экен. Ошол жерге кыпчылып калган айдоочу эч нерсе кыла албай куткаруучулардын келишин күткөн.
Анын жамбашы жана буту сынып учурда ооруканада дарыланууда. Ошентип бул окуянын соңу бактылуу аяктады.
Добавить комментарий ×