Жаш жигит келбетин өлгөн адамдын баш сөөгүнө окшотуу үчүн кулагы менен мурдун кестирип салган
Колумбиянын жашоочусу Эрик Йайнер Хинкалье Рамирес өзүнүн келбетин өлгөн адамдын баш сөөгүнө окшотуу үчүн кулагын жана мурдун кесип салган. Ал 2 жыл ичинде бетин өзгөртүү үчүн көптөгөн операция жасаткан.
Эрик кулагы менен мурдун кестирүү менен токтоп калбастан тилин экиге бөлүп, денесин сүрөт менен толтурган. Ал тургай, башына да татуировка жасаткан.
Жаш жигит эң алгачкы татуировкасын энеси көз жумгандан кийин жасаткан. Ал баш сөөктү кичинекей кезинен бери жактырып бирок эң сүйүктүү адамын коркутуп албоо үчүн бул жолго барбай жүргөнүн айтат. Ошондуктан, энеси каза болгондон кийин денесин кескин өзгөртүүнү чечкен.
"Денени өзгөртүү - ар кимдин жеке тандоосу. Ошондуктан, аны башкалардын баалап, сынга алгандары туура эмес. Бул аялды көкүрөгүн же жамбашын чоңойткону үчүн соттогон менен тен. Мен үчүн баш сөөк - менин чоң энем, үй-бүлөм сыяктуу. Ага көнүп калдым." -дейт Эрик Йайнер Хинкалье Рамирес.
Ремирестин сырткы келбети алдынан чыккан адамды коркута турган абалда болсо да, жаш жигит өзүнүн башкалар сыяктуу дени сак, кадимки адам экенин айтып келет.
Добавить комментарий ×