“Жардам штабы” канча кишиге жардам берди?

7 апрель 2020 14:54 1025 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Кыргызстанда коронавирустун алдын алуу максатында киргизилген өзгөчө абалдан улам калктын бир катар аярлуу катмары кыйынчылыктарга дуушар болгон. Аларга убагында азык-түлүк менен жардам берүү үчүн “Жардам штабы” түзүлгөн.

Социалдык өнүгүү министри Улукбек Кочкоров аталган штабдын ишмердиги тууралуу маалымат берди.

“Бүгүнкү “Жардам штабы” республика боюнча 49 245 муктаж болгон жарандарды азык-түлүк менен камсыздады. Аталган штабга 210 779 кайрылуу келип түштү”, - деди министр.

Анын айтымында, «1227» ыкчам байланыш номерине, WhatsApp аркылуу 0558 526001, «Народный штаб — Биз барбыз» Telegram-каналы, «Жардам берем» уюлдук тиркемеси, «Штаб помощи» Facebook баракчасы аркылуу кайрылган жарандарга азык-түлүктөрдү жеткиришүүдө.

“Белгилей кетчү нерсе, колунда бар, жашоо шарты жакшы адамдар дагы жардам сураган учурлар болгон. Буга байланыштуу, гуманитардык жардамдарды чыныгы турмуштук оор кырдаалга кабылган  жарандарга берүү үчүн, чогултулган тизмелер жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү менен бирге текшерилет”, - деп кошумчалады ал.

Ссылка: https://barometr.kg/zhardam-shtaby-kancha-kishige-zhardam-berdi



Добавить комментарий