Жарандар шайлоо участогундагы тизмесин мобилдик тиркеме аркылуу текшере алат

19 август 2020 15:43 2130 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Эми мобилдик тиркеме аркылуу шайлоо участоктун номерин жана дарегин тактаса болот.

Шайлоочулардын тизмесинен жеке маалыматты беш жол менен текшерүүгө мүмкүн экендигин Мамлекеттик каттоо кызматынын сайтына шилтеме берип «Барометр» билдирет.

Маалыматка ылайык, жарандар үчүн атайын мобилдик тиркеменин жаңы функция ишке кирди. Ал аркылуу кыргызстандыктар өздөрүнүн шайлоо участогунун номерин жана дарегин тактай алышат.

Тиркеме Android платформасындагы смартфондордун колдонуучуларына жеткиликтүү. Ал үчүн Play Market колдонмо дүкөндөрүнөн "МККнын кызмат көрсөтүүлөрү" тиркемесин көчүрүп, "УШКнын дарегин текшерүү" бөлүгүнө кирүү керек. Ал эми iOS ыкчам тутуму менен болгон телефондордун колдонуучулары үчүн тиркеме кийинчерээк жеткиликтүү болмокчу.

Жаран өзүн шайлоочулардын тизмесинен дагы кантип текшере алат?

шайлоо участогуна барып;

www.tizme.gov.kg порталынан;

119 номери аркылуу МККнын Сall-борборуна чалуу (акысыз);

119 номерине идентификациялык жеке номерди (ИЖН) көрсөтүп, СМС жөнөтүү.

Ссылка: https://barometr.kg/zharandar-zdrnn-shajloo-uchastogundagy-tizmesin-mobildik-tirkeme-arkyluu-tekshere-alat



Добавить комментарий