Жапаров Өзбекстандан олжолуу кайтты. Өзбек тарап бир тик учак белекке берери айтылды

13 март 2021 13:03 3089 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Президент Садыр Жапаров Өзбекстанга болгон иш сапарынан олжолуу кайтты. Өзбек тарап дагы бир тик учагын белекке берери маалым болду. Бул тууралуу президенттик аппараттын маалымат кызматына шилтеме берип “Барометр” билдирет.

“Коргоо министрлиги аркылуу Өзбекстан тарап Кыргызстанга бир тик учакты акысыз берет жана дагы бир тик учакты калыбына келтирүүгө даяр. Ошондой эле, жалпы аскердик багыттарда адистерди даярдоо, учкучтарды жана байланыш кызматкерлерин даярдоо маселеси иштелип жатат”, - деп жазылат маалыматта.

Эске сала кетсек, буга чейин өзбек президенти Шавкат Мирзиёев Кыргызстанга 20 тез жардам унаасын белекке бергени кабарланган.

Ага утулай эле, бүгүн, 13-мартта президенттин маалымат катчысы Галина Байтерек өзбек тарап талаш-тартышты жаратып, саясий чыңалуулардын чордону болуп келген Үңкүр-Тоо аймагын Кыргызстанга берүүгө даяр экенин кабарлады.

Ошону менен катары эле, чек ара маселесинде талаш-тартыш жаратып келген, чуулу аймактар да жакынкы үч айда чечиле турганы да жакшы жаңылык.

Ссылка: https://barometr.kg/zhaparov-zbekstandan-olzholuu-kajtty-zbek-tarap-dagy-bir-tik-uchak-belekke-bereri-ajtyldy



Добавить комментарий