Жапаров: Мени менен түшкөн сүрөтүн көрсөтүп, "эмне маселе болсо чечип берем" дегендерге ишенбегиле
Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров аны менен бирге түшкөн сүрөтүн көрсөтүп, жеке маселелерди чечүүгө жардам берем деген адамдарга ишенбөөгө чакырды. Бул тууралуу Жапаровдун соцтармактагы расмий баракчасына жарыяланган маалыматка шилтеме берип “Барометр” билдирет.
“Урматтуу кыргызстандыктар!
6-октябрдан бери миңдеген жарандарыбыз менен сүрөткө түштүм. Айрыкча октябрь айларында кабылдамага ар кандай иштер менен келген адамдардын баары сиз менен сүрөткө түшүп алайынчы деп суранса жок дей албайт экенсиң. Шайлоодо үгүт учурунда жүргөн мезгилде дагы миңдеген адамдар менен сүрөткө түшүү болду. Чынымды айтайын, ошолордун 99 пайызын тааныбайм.
Айтайын дегеним, адам баласы бар жерде баары болот дегендей, мени менен түшкөн сүрөтүн көрсөтүп, кызмат орундарын же башка бир маселесин чечүү максатында колдонуп жүргөндөрдүн бети ачылып калып жатат.
Ошондуктан, бирге түшкөн сүрөт көрсөтүп, маселемди чечип бер дегендерге алданбагыла жана дароо бизге кабар берип койгула.
Жазасын беребиз”, - деп жазды Жапаров
Добавить комментарий ×