Жапаров: Июнь коогалаңында кан төгүлүп, балдар жетим калды

10 июнь 2022 11:14 785 Barometr
Бөлүшүү:
ok

 Президент Садыр Жапаров июнь окуясынын 12-жылдыгына карата кыргыз элине кайрылуу жасады. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматына шилтеме берип "Барометр" билдирет.

Мамлекет башчысынын кайрылуусу: 

Кымбаттуу кыргызстандыктар!

Ардактуу алыс-жакында жүргөн мекендештер!

 Жети дубан эли бар, жети башка өзгөчөлүү жери бар Мекенибиз - Кыргызстандын башынан нелер гана өткөн жок. Элибиз эмне деген гана мезгилдерди, эмне деген гана оош-кыйыш тагдыр чечер күндөрдү көрбөдү. Мына ошолордун баарынан улуу нарктын, каада-салттын, бекем ынтымактын, урагыс биримдиктин аркасында сакталып келе жатабыз.

Эгемендикке ээ болгон 30 жыл ичинде тарыхтын оор сыноолорунан кыйгап өтүп кете алган жокпуз. Алардын бири – 2010-жылдагы каргашалуу июнь окуясы.

Эзелтен эле көп улуттун өкүлдөрү байырлаган үч миң жылдан ашуун тарыхы бар байыркы Ош калаабыз менен жаштыктын шаары атанган, жайлуу Жалал-Абад шаарында тышкы күчтөр, ички сепаратисттер – өлкөбүздүн келечегине көрө албастык кылган душмандар бизди бөлүп-жаруу аракеттерин жасашты. Ошол күчтөр мамлекеттин келечегин эмес, өз кызыкчылыгын ойлоп, коомго улуттар аралык кастык мамилени козуткан жалган маалыматтарды таратып, ынтымагыбызга доо кетирип, коюн-колтук алышып жашаган эки элди бөлүп-жарды. Кан төгүлүп, энелер боздоду, аталар сыздады, балдар жетим, аялдар жесир калды. Эң коркунучтуусу Ата Мекендин бүтүндүгүнө доо кетирген коогалаңга туш болдук.

Бирок карт тарыхта мындан да оор, мындан да кыйын тагдырларды баштан кечирген элибиз кеменгерлиги, кең пейилдиги, даанышмандыгы, сабырдуулугу менен ортодогу жалындаган өрттү өчүрүп, бүтүндүгүбүздү сактап калды. Тынчтык турмушту калыбына келтирүүнүн жана туруктуу өнүгүү жолуна түшүүнүн уникалдуу үлгүсүн көрсөттү. Элибиздин ушул асыл сапатын, нарк-насилин баалай билишибиз зарыл!

Биз ар жылы ошол апаатта кайтыш болгондорду эскеребиз, Жараткандан аларга бейиштен орун берсин деп тилейбиз.

Бул күн бизге кандуу калабаны эске салуу менен бирге, мындан ары достук-ынтымак мамилени чыңдоо милдетин эскертип турат! Эң оболу келечек муун үчүн кубаттуу жана өнүккөн Кыргызстанды куруу мойнубуздагы ыйык парз экенин сездирип турат!

Кыргызстанда кайсы гана улуттун өкүлдөрү болбосун – баарыбыз бардык улуттардын маданиятына, үрп-адат, каада-салтына аяр мамиле жасоо керектигин эгерим эстен чыгарбашыбыз керек.

Кыргызстандагы тынчтыкты жана бакубатчылыкты өзүбүздөн башка эч ким камсыз кыла албайт.

Жараткан эл-жерибизди колдосун! Жолубузду ачып, ынтымак, берекет берсин!”, - деп айтылат президенттин кайрылуусунда. 

Ссылка: https://barometr.kg/zhaparov-kant-tglp-eneler-bozdodu-baldar-zhetim-kaldy



Добавить комментарий