Садыр Жапаров: Баткендеги чек ара жаңжалынан жабыркагандардын бири дагы жардамсыз калбайт

27 май 2021 12:59 1646 Айпери Эшенкулова
Бөлүшүү:
ok

Бүгүн, 27-майда, президент Садыр Жапаров Баткен облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында кыргыз-тажик тилкесинде орун алган окуяларда жапа чеккен Лейлек районунун Максат айылына барды. Бул тууралуу мамлекет башчынын басма сөз кызматына шилтеме берип “Барометр” билдирет.

Жапаров талкаланган объектилерди, анын ичинде өрттөлгөн мектепти карап чыгып, турак жайлардын жана билим берүү объектилеринин курулушу, 100 орундуу эки кабаттуу жаңы бала бакчанын долбоору менен таанышты.

Президент жергиликтүү тургундар менен жолугушуп, чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо иштери жөнүндө кеңири айтып берди.

Анын айтымында, бул маселенин чечилиши аймактын туруктуу социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө түздөн-түз байланыштуу.

Мамлекет башчы Баткен облусуна мамлекет тарабынан өзгөчө көңүл бурулуп келе жаткандыгын жана мындан ары да көңүл бурулаарын белгиледи.

Президент бир дагы жергиликтүү тургун жардамсыз жана колдоосуз калбайт деп белгиледи.

Жапаров ошондой эле гуманитардык жардамды даректүү бөлүштүрүү зарылдыгына көңүл бурду.

Сүйлөшүү учурунда жергиликтүү тургундар окуяларда жабыркагандарга колдоо көрсөтүү, ошондой эле жеке маселелер боюнча бир катар темаларды көтөрүштү.

Жергиликтүү тургундар мамлекеттин колдоосу үчүн ыраазычылыктарын билдиришип, гуманитардык жардам өлкөнүн ар тарабынан келип жаткандыгын белгилешти.

Эске сала кетсек, жолугушуунун аягында президент тийиштүү мамлекеттик структуралардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрүнө айтылган көйгөйлөрдү чечүү боюнча бир катар тапшырмаларды берди. Ошондой эле бардык объектилерди калыбына келтирүүнү жана курууну пландалган мөөнөттө аяктоосун талап кылды.

Ссылка: https://barometr.kg/zhaparov-batkendegi-chek-ara-zhazhalynan-zhabyrkagandardyn-biri-dagy-zhardamsyz-kalbajt



Добавить комментарий