Жапаров: Аялдарды жана жашы жетелектерди кордогондордун сот иши катуу көзөлдөнүшү керек
Президент Садыр Жапаров аялдарга жана жашы жете электерге карата ырайымсыз мамиле боюнча соттук иштер катуу көзөмөлгө алынышы керектигин айтты. Бул тууралуу президенттик администрациянын маалыматына шилтеме берип "Барометр" билдирет.
Президенттин айтымында, аялдарга жана жашы жетелектерге ырайымсыз мамиле жасагандар Жогорку Сот тарабынан катуу көзөмөлдөнүшү керек.
Мамлекет башчысы коомчулукта сот тутумуна нааразычылык жараткан көйгөйлөрдү талдап, аныктап, аларды чечүүдө жарандык коомдун өкүлдөрү менен диалог жүргүзүүчү аянтчалардын түзүү бүгүнкү күндүн талабына ылайык чечим экендигине көңүл бурду.
«Жарандык коомдун өкүлдөрүнөн качпастан, алар менен ийри отуруп түз кеңешип, биргелешип иш алып баруу сөзсүз жакшы жыйынтыктарды жаратат деп ишенем», - деди Садыр Жапаров.
Президент баса белгилегендей, коомчулукта кызуу резонанс жараткан соттук иштер боюнча судьялардын чечимдери тууралуу жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, так маалымат берип туруу – учурдун талабы.
Добавить комментарий ×