Жанар Акаев: "Памирлик кыргыздарды азыркыдай абалда калтырып коюу мүмкүн эмес"

23 июль 2018 18:45 2967 Элзат Нурманбетова
Бөлүшүү:
ok

Депутат Жанар Акаев Нарында жашап жаткан Памирлик кыргыздардан кабар алып, азыноолак жардамын берип келгендигин социалдык баракчасына жазды. Боордошторубуздун азыркы абалы туурасында төмөнкүлөрдү билдирди:

" Нарында жашап жаткан боордоштордон кабар алдык, азыноолак жардамыбызды бердик, бирок алардын маселесин системалуу чечүүнү колго алабыз. Өкмөттүн көчүрүп келгени жакшы болду, жергиликтүү бийликтер да колунан келишинче көмөгүн аябай аракет кылып жатыптыр, эң башкысы алардын балдары мыкты билим алып, тездик менен тамга таанып, компьютерде иштеп башташканы абдан кубандырды. Жардам берип жаткандардын баарына рахмат, өзгөчө Нарындыктар абдан адамгерчиликтүү, кичипейил эл экенин айтышты. Бирок биз аларга жер бөлүү жана турак үй менен камсыздоо жагын чечпесек, азыркыдай абалда калтырып коюу мүмкүн эмес".


Ссылка: https://barometr.kg/zhanar-akaev-pamirlik-kyrgyzdarga-zher-bl-zhana-turak-zhaj-menen-kamsyzdoo-zhagyn-chechpesek-azyrkydaj-abalda-kaltyryp-koyuu-mmkn-emes



Добавить комментарий