Жанар Акаев: Элдин кыжырына тийген талапкер Токон Мамытов Акыйкатчы болуп шайланбашы керек

26 сентябрь 2018 16:50 758 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Учурда Жогорку Кеӊеште Акыйкатчыны шайлоо жөнүндө маселе каралууда. Анда депутат Жанар Акаев элдин кыжырына тийген Акыйкатчы кызматына талапкер Токон Мамытов Акыйкатчы болуп шайланбашы керектигин айтты. 

“Токон Мамытов Акыйкатчы болуп шайланбашы керек. Анда парламент дагы бир жолу коомчулуктун катуу сынына кабылабыз.  Элдин кыжырын кайнаткан талапкерлерди кайдан таап аласыңар. Силер алып келген Бишкектин мэри, министрлер, соттордун бирөөсүнө да эл ыраазы эмес. Коомчулуктун сыны катуу болуп жатат, ал ансайын силер элдин кыжырына тийген талапкерлерди алып келип жатасыңар. Акыйкатчы институна духу бар адамдарды алып келиш керек. Андай адамдар азыр талапкерлердин арасында бар” -деди Акаев.  

Белгилей кетсек, бүгүн КР нын Акыйкатчысы шайланат. Ага КСДП фракциясы Токон Мамытовдун талапкерлигин, «Бир Бол» фракциясы 3 талапкерди – Маматурайим Момуновду, Рита Карасартованы, Рыскул Бактыбаевди, «Ата Мекен» фракциясы Канат Азиздин талапкерлигин сунуштаган. 

Ал эми «Бир Бол» фракциясынан көрсөтүлүп жаткан Маматурайим Момунов талапкерлигин алып салды.

Ссылка: https://barometr.kg/zhanar-akaev-eldin-kyzhyryna-tijgen-talapker-tokton-mamytov-akyjkatchy-bolup-shajlanbashy-kerek



Добавить комментарий