Жанар Акаев: эл коронавирус деп жатканда контрабандисттер акча жасап жатат

6 май 2020 13:44 2491 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев учурда эл коронавирус менен алышып айласын таппай жатканда контрабандистер ары-бери зуулдап, болушунча акча жасап жатканын парламенттин жыйынында айтты.

“Эл коронавирус менен күрөшүп жаткан маалда контрабандистер бүт кача жасап жатат. Өкмөт ушуну тыйып коё албайсыздарбы? Алар Тажикстандан азык-түлүк, майда-чүйдө бүт алып чыгып Бишкекке чейин алып келип сатып жатат. Тажикстанда коронавирус илдети күчөп, оор абалда деп угуп жатабыз. Ошондой шартта чек араны катуу караш керек”, — деди ал.

Депутат контрабанда айыл чарбасын толугу менен тушап, чабал кылып салганын да кошумчалады.

“Биздин айыл чарбаны контрабанда биротоло кыйроого алып келе турган болду. Россиядан алып келинген картошка Казакстан аркылуу контрабанда жолу менен кирип жатат. Алар же мамлекетке акча төлөбөй, тонналарын жашырып жазып жатат. Биздин бир эки киши гана пайдасын көрүп жатат. Бүт каптады. Теплица бизнеси өлдү. Сырттан келген азык-түлүк каптап кетти. Чек араны катуу көзөмөлгө алгылачы. Өзүбүздүн дыйкандар фермерлер ыйлап жатат”, — деп депутат коомдогу көйгөйдү көтөрдү.

Эл өкүлү Швейцарияны мисал келтирди. Ал жакта бийлик биринчи өздөрүнүн помидорун 2 доллардан сатып, азык-түлүгү жок калганда Испаниядан алып жатканын белгиледи.

“Биз дагы өзүбүздүн атамекендик дыйкан-фермелерди башкы орунга коюп, контрабанданы тыялы. Ошондо бюджетке миллиондогон акча түшүп, фермер-дыйкандарга эле жакшы болот. Артыкчылык берели”, — деди депутат.

Ссылка: https://barometr.kg/zhanar-akaev-el-koronavirus-dep-zhatkanda-kontrabandistter-bt-akcha-zhasap-zhatat



Добавить комментарий