Жамиля Муратованын атасы Эдил Муратов каза болду
Кечээ, 23-майда КРнын эмгек сиңирген артисти Жамиля Муратованын атасы Эдил Муратов 84 жашында узакка созулган оорудан улам каза болду. Бул тууралуу Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын маалымат кызматына шилтеме берип “Барометр” билдирет.
Эдил Муратов 1937-жылы 3-апрелде Бишкек шаарында туулган.
Билими: 1963-жылы М.Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайынын үйлөмө аспаптар бөлүмүнүн кларнет аспабы боюнча адистигин аяктаган.
Эмгек жолу: 1963-жылы Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз мамлекеттик филармониясынын К.Орозов атындагы эл-аспаптык оркестринде тушоосу кесилген.
Эдил Муратов аталган эл аспаптар оркестринин калыптанышына жана өнүгүшүнө салымын кошкон. Жубайы Кыргыз эл артисти раматылык Хадима Берикбаева менен бирге көптөгөн мамлекеттерде кыргыз элинин улуттук маданиятын жана искусствосун тааныткан.
Ошондой эле, филармониянын профсоюздук уюмунун төрагасы болуп иштеп келген.
Сыйлыктары: Эдил Муратов Кыргыз ССРнин Жогорку Советинин Ардак грамотасы жана "Эмгек ардагери" медалы менен сыйланган.
1988-жылы ардактуу эс алууга чыккан. Ал музыкалык аспаптарды жасаган чебер уста болгон.
Эске сала кетсек, Жамиля Муратованын апасы, кыл кыякчы Хадима Берикбаева үстүбүздөгү жылдын апрель айында көз жумган.
Маркумдун артында бир уул, эки кызы калды.
Ссылка: https://barometr.kg/zhamilya-muratovanyn-atasy-edil-muratov-kaza-boldu
Добавить комментарий ×