Айзада Жамгырчиеванын үнү президентке жеттиби же?

24 июль 2020 13:36 3353 Barometr
Бөлүшүү:
ok

“Президент менин сунушумду четке какпай, Таласка иш сапары менен барды», - дейт алып баруучу Айзада Жамгырчиева. Бул тууралуу анын социалдык тармактагы баракчасына таянып "Барометр" билдирет.

Сооронбай Жээнбеков буга чейин 8-июлда Бишкектеги күндүзгү стационарлардын бирине барып, ал жактагы дарыгерлер менен жолугуп келген. Ошондой эле, 14-июлда түнкү стационарга баш баккан.

Белгилей кетсек, өлкө башчысынын иш сапарлары бир ай мурун алдын ала даярдалып, бекилээри маалым. 

21-июлда өлкө башчысы коронавируска каршы күрөшүүгө көмөктөшүп жаткан ыктыярчылар жана жарандык активисттер менен жолуккан. Алардын катарында Айзада Жамгырчиева да бар болчу.

Жолугушуу тууралуу алып баруучу төмөндөгүчө кеп таштады:

 “Сүйүнгөнүмдөн ыйлап да жибердим. Анан сиздер менен бөлүшүүнү чечтим. Менин 1-сунушум “12 ыктыярчынын эле эмес, карапайым элдин абалы менен кабинеттен чыгып таанышуу же болбосо онлайн жолугушуу уюштуруу эле”, - деди Жамгырчиева.

Белгилей кетсек, Сооронбай Жээнбеков кечээ, 23-июлда иш сапар менен Талас облусуна барган. Анда өлкө башчысы ооруканаларды кыдырып, стационарларды текшерген.

“Кайрылуумду четке какпай президент Таласка иш сапары менен барып, стационарларды, ооруканаларды кыдырып, жакындан таанышып жүргөнү мени аябай кубантты. Менин сунушум четте калбаганы, мен бекеринен кирбегеним, элдин сөзүн угуп жатканына аябай кубанычтамын!”, - деп жазды ал.


Ссылка: https://barometr.kg/zhamgyrchieva-prezident-sunushumdu-chetke-kakpaj-talaska-bardy



Добавить комментарий