Жамбашынан кармап, мазактаган. Москвада Тажикстандык мигрант келин ашпозчуну бычактап, өлтүрүп койду

9 январь 2023 13:47 4225 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Москвада ресторандын ашпозчусун Тажикстандык мигрант аял бычактап өлтүрүп койду. Бул тууралуу “Московский комсомолец” жазган маалыматка таянып “Барометр” билдирет.

Маалым болгондой, каргашалуу окуя Москвадагы "Тбилисо" ресторанында болгон.

Күбөлөрдүн айтымында, ашпозчу жумуш ордунда идиш жуугуч келиндин жамбашынан кармап тийишкен.

Басылманын маалыматына караганда, ресторанда ашпозчу болуп иштеген 50 жаштагы грузин улутундагы адам жаңы жылды кесиптештери менен тосуп жатып бычакталып каза болгон.  

“Ал идиш жуугуч болуп иштеген 36 жаштагы Тажикстандын жаранынын жамбашын кармап, ал тууралуу орунсуз тамаша айткан. Андан кийин ал чылым чегүү үчүн эшикке чыгып кеткен. Бир маалда ашпозчу эшиктен келгенде ооз эки кайым айтышуу кол көтөрүүгө өткөн. Бир учурда келин ашкана бычагы менен бир нече жолу ашпозчуну сайып жиберген”, -деп жазылат маалыматта.    

Маалым болгондой, адам тез жардам келгенге чейин каза болгон.

Ашпозчу кесиптешине кол салган аял окуя болгон жерден качып кеткен. Бирок ыкчам иликтөө иштеринин натыйжасында 36 жаштагы шектүү үйүнүн кире беришинен кармалган. Андан кийин ал кошумча иликтөө үчүн милицияга жеткирилген. 

Ссылка: https://barometr.kg/zhambashynan-karmap-orunsuz-tamashalagan-moskvada-tazhikstandyk-migrant-kelin-ashpozchunu-bychaktap-ltrp-kojdu



Добавить комментарий