Бир суткада коменданттык сааттын талаптарын 137 киши бузду

7 май 2020 10:42 636 Barometr
Бөлүшүү:
ok

7-майга карата өзгөчө абал киргизилген Бишкек шаары, Ош шаарынын, Жалал-Абад шаарынын, жана Нарын облусунун Ат-Башы районунун аймактарында коменданттык сааттын талаптарын жана эрежелерин эскертүүлөргө карабай бузгандыктары үчүн ички иштер органдарынын бөлүмдөрүнө 137 жаран жеткирилди. Бир сутка ичинде атайын коюлуучу жайга 7 унаа киргизилди. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматы билдирди.

Алардын ичинен: Бишкек шаары– 119, Ош шаары -4, Жалал-Абад шаары-4, Ат-Башы району-10.

Жалпысынан алганда 25-марттан баштап бүгүнкү күнгө чейин өлкө аймагында 4696 жаран коменданттык саатты бузгандыктары үчүн милициянын кайгуул тобу менен кармалды, анын 4167 эркектер, 529 аял киши. Алардын бардыгына коменданттык сааттын талаптары менен эрежелерин бузгандыктары боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, экинчи кайталанбоосу эскертилип, коменданттык сааттын аякташы менен койо берилди, алардан 3541 жаран эскертилип, 1155 жаранга бузуулар тууралуу протокол түзүлүп айып салынды. Ошондой эле, 25-марттан баштап азыркы күнгө чейин коменданттык саатты бузгандыгы үчүн 363 автоунаа токтотуучу жайга киргизилди.

ИИМ жарандарды Өзгөчө абалдын жана Коменданттык сааттын талаптарын так аткарууга чакырат.

Ссылка: https://barometr.kg/zhalpy-respublika-boyuncha-137-zharanga-tshndr-ishteri-zhrgzld



Добавить комментарий