Жалпы өлкө боюнча коменданттык режимди 88 киши бузду

23 апрель 2020 09:27 1470 Barometr
Бөлүшүү:
ok

23-апрелге карата өзгөчө абал киргизилген Бишкек шаары, Ош областынын Ноокат, Кара-Суу райондорунун, Ош шаарынын, Жалал-Абад областынын Сузак районунун жана Жалал-Абад шаарынын, Нарын облусунун Наарын шаарынын жана Ат-Башы районунун аймактарында коменданттык сааттын талаптарын жана эрежелерин эскертүүлөргө карабай бузгандыктары үчүн ички иштер органдарынын бөлүмдөрүнө 88 жаран жеткирилип, 6 автоунаа атайын жайга токтотулду. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.  Алардын ичинен:

Бишкек шаары боюнча – 56,

Жалал-Абад шаары боюнча 13,

Ош шаары боюнча - 5,

Нарын шаары - 5,

Ат-Башы району боюнча - 7,

Сузак району боюнча - 1,

Кара-Суу району боюнча - 1.

Ал эми, Ноокат районунда тартип бузуулар катталган жок.

Жалпысынан алганда 25-марттан баштап бүгүнкү күнгө чейин өлкө аймагында 3255 жаран коменданттык саатты бузгандыктары үчүн милициянын кайгуул тобу менен кармалды. Алардын бардыгына коменданттык сааттын талаптары менен эрежелерин бузгандыктары боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, экинчи кайталанбоосу эскертилип, коменданттык сааттын аякташы менен койо берилди.

ИИМ жарандарды Өзгөчө абалдын жана Коменданттык сааттын талаптарын так аткарууга чакырат.

Ссылка: https://barometr.kg/zhalpy-lk-boyuncha-88-zharan-zhetkirilip-6-avtounaa-toktotuldu



Добавить комментарий